Казакстандын премьер-министри: "Астананын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгарууга даярбыз"

Кечээ өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметовду кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет. Жолугушууда эки тарап чек ара маселесин, Казакстанга Кыргызстандан сүт азыктарын экспорттоо тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода маселесин талкуулашып, Жантөрө Сатыбалдиев Серик Ахметовго кийинки жылы Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата Астана шаарынын бир көчөсүнө Айтматовдун атын коюуну сунуштады. Өз кезегинде Серик Ахметов Казакстан Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгарууга жана шаарда Манастын эстелигин орнотууга даяр экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан