Кечээ өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстандын премьер-министри Акил Акиловду кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн билдирди. Жолугушууда эки тарап ортосунда соода-экономика, маданият, чек ара жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле аймактык мааниге ээ болгон долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Кошумчалай кетсек, Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына келди.