Мыктыбек Абдылдаев: "Кыргызстан 20 жылдан бери бир да түрмө кура алган жок"

"Кыргызстанда 20 жылдан бери бир да түрмө курула элек". Мындай пикирди ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаев комитет жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир да түрмө кура элек. Бул мамлекет үчүн уят нерсе. "Кыргызстанда азыр түрмө жок, көпчүлүгү колониялар. Камалгандарды түрмөдө отурат дешет. Жок, түрмө деген башкача болот. Кыргызстан 20 жылдан бери түрмө эмес, алтургай колония кура элек. Бул маселеге өкмөт жакшылап көңүл бурбаса, уят болуп калышыбыз мүмкүн",- дейт Абдылдаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан