Бир тууган мушкер айымдар Антонина менен Валентина Шевченко чемпиондук наамдарын коргошту

Кыргызстандык бир тууган мушкер айымдар Антонина менен Валентина Шевченко тай бокс боюнча Порту-Аллегри шаарында (Бразилия) чемпиондук наамдарын коргошту. Айта кетсек, экөө тең Түштүк Американын чемпиондору. 63 килограмм салмакта Антонина чемпиондук курун коргоо үчүн бразилиялык Ванесса Матус менен беттешмек. Бирок Матус рингге чыгуудан баш тартып, кур Антонинада калды. Ал эми Валентина (60 килограмм салмакта) башка бразилиялык мушкер айым Патрисия Сильва менен айыгышкан беттеш өткөрдү. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш мекендешибизге ыйгарылды. Муну менен бир тууган спортчу айымдар үчүн быйылкы спорттук сезон аяктады. Эми алар эмки жылдын башкы айларында өтүүчү Дүйнө Кубогуна даярдык көрүшмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан