Бала асырап алууну мамлекеттик каттоого тиешелүү болгон ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилет

ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети 4-декабрда "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карады. Баяндама жасаган Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КРнын мыйзамынын бала асырап алууну мамлекеттик каттоого тиешелүү бөлүмүнө өзгөртүү киргизилет. Анда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы, ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөр “сот” деген сөздөр менен алмаштырылат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору республикалык жана жергиликтүү бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан