Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды

Ушул тапта Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Азырынча өкмөт башчылар тар чөйрөдө өз алдынча жыйын өткөрүшүүдө. Белгилүү бир убакыттан кийин өкмөт башчыларга коштоп келген делегация өкүлдөрү кошулмакчы. Делегация башчыларынын катарында Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао, Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев, Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казак өкмөт башчысы Серик Ахметов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов бар. Жыйында ШКУга кирген өлкөлөр арасында соода-экономика жана башка жаатта кызматташуу тууралуу сүйлөшүшмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан