Назарали Арипов: "Малды өздүктөштүрсө болот, а бирок аары, балык, курттарды кантип өздүктөштүрөбүз?"

Учурда ЖКда “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Бир катар депутаттар бул мыйзам кечигип кабыл алынып жатканын белгилеп колдоого алууну сунушташууда. Талкуу учурунда депутат Назарали Арипов малды өздүктөштүрүү процессиндеги айрым түшүнүксүз жагдайларды белгилеп, Айыл-чарба министри Чыңгысбек Узакбаевге кайрылды. "Малды го өздүктөштүрүүгө болот. А бирок мыйзам долбоорунда балыктар, аарылар, курттарды да өздүктөштүрүү жагы каралыптыр. Буларды кантип өздүктөштүрөбүз?" деди. Буга министр "жалпы иденцификация" деген терминди айтып берди. Башкача айтканда аарыларды бал челегине, балыктарды көлмөдөгү топ-тобуна карата өздүктөштүрсө боло турганын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан