Бүгүн ШКУнун жыйынында премьер-министр Серик Ахметов Казакстан ШКУга кирген өлкөлөр менен экономикалык жаатта кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал Казакстан Кытайдан Орусияга чейинки аралыкта соода тармагын өнүктүрүү үчүн автокоридор курулуп жатканын маалымдады. Казак өкмөт башчысы ШКУга кирген өлкөлөр Казакстан менен соода жаатында кызматташарына ниетин билдирди.