ЖКда малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору талкуу жаратууда

"Азыр айылдын ветеринары малга тастыктама бере албайт, райондон алып келет. Малды идентификациялоону айылдагы ветеринарларга берерден мурда аларга укук бериш керек. Малга колдонор дары-дармеги жок, айылда алар жөн эле ары-бери басып жүрүшөт",- деген сунуш айтты ЖКда депутат Нарынбек Молдобаев. Ал эми Мыктыбек Абдылдаев малды өздүктөштүрүүнү бодо малдан эмес, жылкыдан баштаса туура боло турганын белгиледи. Буга Айыл чарба министри учурда сүт өндүрүшүнүн маанилүү болуп жатканы менен түшүндүрүп, бодо малды биринчиге алып чыкканын айтты. Айта кетсек, ЖКда малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан