Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары: "Биз ШКУнун өлкөлөрү менен экология жаатында иштешүүгө кызыкдарбыз"

ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов Өзбекстан экономиканы чыңдоо максатында Кытай менен иштеше баштаганын айтты. “Учурда Өзбекстандын экономикасы 8 пайыздан ашык өстү. Биз дүйнөлүк кризис күтүлүп жатканда экономикабыз мындан да өсүүсүн каалайбыз. Андыктан Кытайдын инвесторлору менен иштеше баштадык. Ошондой эле Орусиянын ири компаниясы “Газпром” дагы биз менен иштеше баштады. Өзбекстан ШКУга кирген өлкөлөр менен экология жаатында иштешүүгө кызыкдар”,- деди Рустам Азимов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан