Депутаттар орусчадан кыргызчага жеткиликтүү которулбаган мыйзам долбоорлорун күн тартибине киргизбөө сунушун айтып чыгышты

Парламентте депутат Курмантай Абдиев кыргыз тилине өгөй мамиле кылууну токтотууну депутаттардан суранды. Ал Кыргызстанда малды өздүктөштүрүү боюнча даярдалган мыйзам долбоорунун айрым беренелерин мисал кылып, котормолор шайкеш келбей калганын белгиледи. "Эне тилге болгон мамилени качан өзгөртөбүз? Мына, бир эле сүйлөмдө 45 пайыз орусча сөздөр колдонулуп жатат. Намыс деген ойгонуш керек да. Мындай боло берсе жеткиликтүү деңгээлде котрулбаган мыйзам долбоорлорун күн тартибине киргизбөөнү сунушташ керек",- деди Курмантай Абдиев. Ушул эле ойду депутат Гүласал Садырбаева да айтып, кыргыз тилин кордобоого чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан