Оппозиция лидерлеринин бири Нурлан Мотуев зордуктоо фактысы боюнча шектелип кармалганын Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда жабырлануучу Нурлан Мотуев менен 10 күн мурун таанышканын жазат. 4-декабрда Нурлан Мотуев жабырлануучуну кечки саат 16:00дөрдө үйгө чакырып, үйлөнүүгө убада берип, күч колдонуп зордуктап койгон. 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү Нурлан Мотуев Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынын кармалып, камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, бирок Нурлан Мотуев көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.