"Пакистан террорчулукка каршы күрөшүүдө ШКУнун өлкөлөрү менен иштешүүгө даяр" дейт аталган өлкөнүн Маалымат жана телеберүү министри

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынында Пакистандын Федералдык маалымат жана телеберүү министри Камар Заман Каир террорчулукка каршы күрөшүү жаатында ШКУнун өлкөлөрү менен кызматташууга даяр экенин билдирди. “Пакистан террорчулукка каршы күрөшүү жаатында ШКУнун өлкөлөрү менен иштешүүгө даяр. Биз Ооганстандагы тынчтыкты орнотууга салымыбызды кошуп келебиз. Зордук-зомбулук, кыйноо, кылмыштарга карата каршы ар түрдүү долбоорлордун үстүндө иштеп келебиз”,- деди Камар Заман Каир. Кошумчалай кетсек, Пакистан Республикасы ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына байкоочу өлкө катары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан