Ходжабат-Ош газ түтүгүндөгү мүчүлүштүктөн улам Ош шаарында газ берүү токтотулду
Ош шаарында бүгүн саат 8:00дөн баштап газ берүү токтотулду. Бул чектөө Ходжабат-Ош газ түтүгүнүн 57 чакырымындагы түтүктүн иштен чыгышы менен байланыштуу болду. Натыйжада Ош жана Жаңы-Турмуш газ бөлүштүрүүчү ишканалары газ берүүнү токтотууга мажбур болду.