ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында документтерге кол коюу аземи башталды. ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын чечими менен төмөнкүдөй документтерге кол коюлду:
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуусунун программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу ШКУнун Секретариатынын отчёту.
- ШКУнун 2012-2016-жылдардын алкагында долбоордук иштерди мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын тизмеси тууралуу.
- ШКУнун 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУнун каржы отчёту.
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2013-жылга карата бюджети тууралуу.
- ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсепти) жана Өнүктүрүү банкын уюштуруу боюнча иштер тууралуу.
Ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынтыгы боюнча дагы төмөндөгү документтерге кол коюлду:
1. - - Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өз ара жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун протоколу.
2. - Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрүнүн бажы кызматтарынын ортосундагы жана интеллектуалдык менчиктиктин укуктарын коргоо боюнча меморандум.