Кыргызстан 2012-жылы коррупциянын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө 154-орунду ээледи
Кыргызстан 2012-жылы коррупциянын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө 176 мамлекеттин ичинен 154-орунга чыкты. Бул тууралуу “Трансперенси Интернешнл Кыргызстан” уюмунун төрагасы Адылбек Шаршенбаев билдирди. Анын айтымында, мындай көрсөткүч серепчилер менен ишкерлердин арасында сурамжылоо жүргүзүлүп аныкталат. "Эгер көрсөткүч 0 балл болсо, ал коррупциянын жоктугун аныктаса, 100 балл - ашкан чек. Быйыл Кыргызстан 24 балл алуу менен коррупциянын деңгээли төмөндөп бара жаткандыгын аныктады”,- деди Шаршенбаев.