Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоого техника жетишпейт

"Бишкектин көчөлөрүн кардан жана муздан толук тазалоо иштерине атайын техникалар жетишпей жатат",- дейт "Тазалык" ишканасынын жетекчисинин орун басары Павел Клименко. Анын айтымында, учурда техникалар негизги жолдорду гана тазалоого үлгүрүүдө. Тротуарлар менен тар көчөлөрдө жол тазалоочу кызматкерлер иштеп жатышат. Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко "акыркы жолу атайын техника 2009-жылы алынып келинген. Учурда 20 жаңы техника сатып алууну пландап жатабыз" деп билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан