Данияр Тербишалиев бажы жана салык кызматкерлерине атайын форма тиктирүүгө бюджеттен акча коротпоо керек деп эсептейт

ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Данияр Тербишалиев Бажы кызматында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегендерге атайын форма тиктирүүгө каражат бөлүүнү токтотууну сунуштады. "Бажы кызматы, Салык кызматы жана ӨКМнын кызматкерлери - булар мамлекеттик кызматкерлер. Эмнеге буларга аскердик чин берип, атайын кийим тиктиребиз? Мен бажыда постто тургандарга форма берүүнү колдойм, ал эми кабинетте иштегендерге форманын эмне кереги бар?"- деди Тербишалиев. Депутаттын бул оюна Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Асылбек Кожобеков каршы болду. Ал салык кызматкерлери менен бажычылар укук коргоо органынын кызматкерлери экенин, учуру келгенде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзө турганын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан