Ыргал Кадыралиева: "Коомдук тамактануу жайларынын абалы мышык ыйлай тургандай"

Депутат Ыргал Кадыралиева Азык-түлүк, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга бир айдын ичинде Кыргызстандагы коомдук тамактануу жайларын текшерип чыгууну айтты. "Буга чейин бир апта деп жаттым эле, бирок мыйзамга ылайык, алдын ала эскертпей туруп, текшерүү иштерине чектөө киргизилген. Андыктан бир айлык мөөнөт берип, эгерде муктаждык жаралса, аталган инспекция менен кошо иштешүүгө даярмын",- дейт. Жогорку Кеңештин өкүлү инфекциялык оорунун күчөп жаткандыгынын бир себеби коомдук тамактануу жайларынын абалы начарлап кеткендигине байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт. "Ашкана, кафелердин шарты мышык ыйлачудай. Жарандар да кайрылып жатышат. Шаардагы эле кафелердин бири тамак-ашына текшерүүдөн өтпөгөн кытай порошогун да пайдаланат экен",- деген депутат инспекция жетекчиси Төлө Исаковдон текшерүү иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалыматты берүүсүн сурады. 

-    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан