7-декабрда КРнын Футбол федерациясынын президентин шайлоо болуп өтөт

7-декабрда КРнын Футбол федерациясынын Х конференциясы өтөт. Анда федерациянын президенти жана аткаруу комитети шайланат. КРнын ФФсынын басма сөз катчысы Канат Асенов президенттикке бир гана талапкер көрсөтүлгөндүгүн айтты. Ал – учурда Кыргызстанда “Футболду өнүктүрүү фондунун” президентинин милдетин аркалап жаткан Семетей Султанов. Конференцияга ФИФА менен АФКдан өкүлдөр Валерий Чухрий (ФИФАда КМШ өлкөлөрү боюнча консультант) жана Си Сон Мун (АФКда эл аралык мамилелер бөлүмүнүн кызматкери) да катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан