Ыргал Кадыралиева: "Жумушсуз жаштардын 14 пайызынын дипломдору бар"

Парламентте каралып жаткан “Волонтёрдук иш жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Ыргал Кадыралиева жаштар маселесине токтолду. "2012-жылдын 1-январындагы статистикалык маалыматтар боюнча, жаштардын саны 1 миллион 684 миң болсо, учурда жумушсуз жүргөн жаштардын 14 пайызынын колунда дипломдору бар. Бул мыйзам кабыл алынса, жаштардын ишке орношуусуна, алардын улуу муун менен бирге ишти алып кетүүгө салым болмокчу. Кыргызда "эшек иштейт, ат жейт" деген кеп бар, биз жаштарга иштөө үчүн шарт түзүп беришибиз керек, алардын күчүн, кыргыздын экономикасынын, маданиятынын өсүшүнө колдонушубуз зарыл",- деп билдирүү жасады Ыргал айым. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан