Ысык-Ата районунда эки унаа кагышып, айдоочулары ооруканага жеткирилди
Ысык-Ата районунда эки унаа кагылышып, айдоочулары ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. Кечээ 4-декабрь күнү саат 10:20 чамасында УАЗ унаасынын 34 жаштагы айдоочусу М.А. жана Хонда-Акура унаасынын 34 жаштагы айдоочусу унаалары менен сүзүшүп кетишкен. Жыйынтыгында эки айдоочу тең ооруканага жеткирилип, учурда кырсыктын келип чыгышынын себеби иликтенүүдө.