Бишкек шаарында ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бишкек шаарында 4-5-декабрь күнү ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында ар кандай жааттагы кызматташуулар тууралуу талкууланды. Алгач ШКУнун өкмөт башчылары өз алдынча жыйын өткөрүшсө, кийин аларга өлкө башчылар менен чогуу келген делегация кошулду. Жыйында эң маанилүү маселе катары ШКУнун Фондун жана Өнүктүрүү банкын түзүү каралды. Ал эми Кыргызстан үчүн маанилүү жаңылык Орусиянын Кыргызстанга бюджетти колдоо иретинде 25 миллион доллар кайтарылгыс грант бөлүп берүүсү боюнча макулдашуусуна кол коюлганы болду. Жыйын аяктаган соң Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевди кабыл алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Дмитрий Медведев Орусия Кыргызстанга жардам берүүгө дайым даяр экенин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан