Мукамбет Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлык кызматынан бошотулду
Бүгүн Мукамбет Касымалиев башка ишке өткөнүнө байланыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 26-ноябрда кол койгон. Айта кетсек, Мукамбет Касымалиев ноябрь айында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп тандалган.