Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан мындан кийин өнөктөштөрүн уят кылбайт"

Кыргызстан мындан кийин өнөктөштөрүн уят кылбайт. Мындай пикирди бүгүн Алмазбек Атамбаев Дмитрий Медведев менен болгон жолугушууда айтты. "Биз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууда жаңы барактарды ачтык. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашылган келишимдердин баары аткарылышы керек. Мындан кийин Кыргызстан өзүнүн өнөктөштөрүн уят кылбайт",- деди Алмазбек Атамбаев. Ошондой эле мамлекет башчы Орусияга гидроэнергетика жаатында жана 25 миллион доллар грант бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан