Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы көмүр шахталарынын биринен дайынсыз жоголгон жаранды куткаруучулар издешүүдө. Валакуш айылынын тургуну, 1969-жылы туулган Сатар Каимов 2-декбарда Тегирмеч шахтасына кетип дайынсыз болууда. 4-декбарда издөө иштери башталганы менен, жыйынтык чыга элек. Издөө улантылып жатат.