Талас. Таласта өспүрүмдөргө жугуштуу оорулардан сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр боюнча дарыгери Индира Жумабекова Талас шаарындагы мектептердин 9-11-класстын окуучуларына жана колледждер менен жогорку окуу жайлардын студенттерине жугуштуу оорулардын алдын алуу, ден соолукту суукка алдырбоо үчүн кандай чараларды көрүү керек экендиги туурасында түшүндүрмө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. "Биз буга чейин Талас шаарынын 4 мектебинде болуп кайттык. Буюрса, калган 5 мектебинде иш-чараларыбызды өткөрүп бүтсөк, анан жогорку окуу жайларга барабыз. Биздин максат - жаңы өсүп келаткан муунду ар кандай жугуштуу оорулардан колдон келишине коргоп, ден соолугу мыкты, акылдуу жаштарды тарбиялоо болуп саналат. Балдарга жакын болуу иретинде алардан келип тγшкөн суроо-жооптордун негизинде атайын брошюраларды таратып жатабыз. Бул китепчелерди түзүүгө медициналык адистер, психологдор, мугалимдер жана жаштар өзүлөрү катышты",- дейт ал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан