Мыктыбек Абдылдаев: "Баары бир кезексиз шайлоо болот, учурда ошого бара жатабыз"

Учурда парламентте "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам парламентте депутаттарга фракциядан чыгып, депутаттык топторду түзүүгө уруксат бермекчи. Депутат Алтынбек Сулайманов: "Акыркы учурда Конституция каалагандай тепселип жатат. Анда бизге көп партиялуулуктун эмне кереги бар? Бир мандаттуу шайлоого кайталы анда. Эмнеге 5 фракция биригип иштегенге болбосун?"- деди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеште депутаттар фракциядан чыгып, өзүнчө депутаттык топторду түзүү баш аламандыкка алып келет. Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Бул маселени 5 фракциянын лидерлери жана төрага менен кеңешип туруп чечүү керек. Баары бир кезексиз шайлоо болот, ошого баратабыз",- деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан