Кечээ Маркай айылындагы көмүр шахтасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубалы Торомаматов 10 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Ошону менен биргеликте облустагы өкүл маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Эскерте кетсек, 4-декабрь күнү Маркай айылындагы "Кыял" менчик көмүр шахтасында көмүр казып жаткан 5 адам каза болгон эле.