Жантөрө Сатыбалдиев менен Ооганстандын вице-президентинин жолугушуусунда ооган жеринде жашаган этникалык кыргыздар тууралуу кеп козголду

Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ооганстандын вице-президенти Мохаммад Карим Халил менен жолугушту. Жолугушуу ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өтүп, эки өлкө ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушууда Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушун жакшыртуу маселелери да талкууланды. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстан Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жардам берүүгө дайым даяр экенин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан