Эртең Бишкектин түштүк тарабында электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең Бишкектин түштүк тарабында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Өчүрүү саат 9:00-12:00гө чейин болуп, Түштүк магистралы менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Малдыбаев көчөсүндөгү жеке сектордо жарык берүү токтотулат. Бул өчүрүү №3171-трансформатордук көмөк чордонду алмаштыруу ишине байланыштуу болмокчу.