Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри Алиясбек Алымкулов расмий иш сапары менен Сауд Арабиясында болуп кайтты

23-27-ноябрга чейин КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри Алиясбек Алымкулов Сауд ханзаадасы Науаф бин Фейсал бин Фахд бин Абдел Азиздин чакыруусу менен Сауд Арабиясында расмий иш сапарда болуп кайтты. Айта кетсек, аталган ханзаада Сауд Арабиянын Жаштар иштери боюнча башкы башкармалыктын президенти болуп саналат. А.Алымкуловдун иш сапарынын максаты – жаштар саясаты тармагында эки тараптуу мамилелерди орнотуу жана бекемдөө болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүү планын иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Ошондой эле министр Сауд Арабияда окуган кыргыз студенттери менен да жолугушуу өткөрдү. “Министр А.Алымкулов спорт медицинасы боюнча падыша Фейсал бин Фахд атындагы госпиталда, лидерлер мектебинде жана жаштар спорт клубунда болуп кайтты. Мындан сырткары Араб-Сауд олимпиадалык комиссиясынын мүчөлөрү менен да жолугушуу өткөрдү. КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министринин Сауд Арабияга болгон сапары сауд тараптын жаштар саясаты тармагында Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенинен кабар берет”,- деп билдиришти КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан