ЖКда депутаттык топтордун түзүлүшүнө багытталган мыйзам долбоору талаш пикирлерди жаратты

Жогорку Кеңеште “КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам долбоорунда бир нече депутаттын фракциядан чыгып, өз алдынча депутаттык топ түзүүсүнө жол берилет. Депутат Айнуру Алтыбаева бул мыйзамдын долбоору Баш мыйзамга каршы келип, комитеттен колдоо таппагандыгын билдирди. Ал эми депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, Конституцияда депутаттык фракциялар жөнүндө түшүнүк камтылган, бирок депутаттык топтор тууралуу түшүнүк жок. Талкуу учурунда депутаттар Каныбек Иманалиев менен Равшан Жээнбеков мындай ыкма эл аралык тажрыйбада көп эле кездешип жаткандыгын баса белгиледи. Соңунда депутаттар мындай талаш пикирлерге добуш берүү аркылуу чекит коюу чечимине келишти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан