Бүгүн Нарын мамлекеттик университетинде “Канткенде лидер болом?” деген темада семинар башталды. Семинардын катышуучулары - студенттер, ал эми уюштуруучулары - Нарын мамлекеттик университетиндеги Билим берүүнүн сапат-менеджмент бөлүмү. Атайын адистер бул тема боюнча материалдарды даярдап, лекциялар окулду. Семинардын максаты - жаштардын коомдук иштерге карата активдүүлүгүн күчөтүү болуп саналат. Семинар 3 күнгө уланат.