15-декабрда Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен мугалимдердин арасында “Талант тамыры мугалимдерде” аттуу ыр кесе уюштурулат. Бул тууралуу райондук администрациянын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов кабарлады. Буга чейин мындай саамалык райондун айылдарында өткөрүлсө, эми райондук деңгээлде Исфана шаарында өтмөкчү. Байгелерге токтолсок, 1-орунга 6000 сом, 2-орунга 5000 сом, 3-орунга 4000 сом ыйгарылат.