Исмаил Исаков бир да министрликте 2012-жылдын бюджети толук аткарылбаганын айтып чыкты

Депутат Исмаил Исаков бүгүнкү ЖКда каралып жаткан маселе туура эмес багытта бара жатканын айтып чыкты. "Биз азыр туура эмес кылып жатабыз. Алгач өкмөттүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчётун угушубуз керек болчу. 2012-жылдын бюджети бир да министрликте аткарылган жок. Муну министрлер деле моюнга алат, өкмөт өз кемчилигин өзү айтса жакшы болот эле. Биз бул мыйзам долбоорду колдосок, анда өкмөттүн туура эмес иштерин мыйзамдаштырып берген болобуз. Бул туура эмес",- деди Исаков. Айта кетсек, учурда ЖКда 2012-жылдын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу тууралуу маселе каралып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан