Садыр Жапаров төрагага КРнын Өкмөтүнүн "Кумтөр" боюнча отчётун угуу жыйынына катышуу тууралуу кат жөнөттү

Камакка алынган депутат Садыр Жапаров ЖКнын төрагасына КРнын Өкмөтүнүн “Кумтөр” боюнча отчётун угуу жыйынына катышуу тууралуу кат жөнөттү. “2012-жылдын 15-февраль күнү Жогорку Кеңеште “Кумтөрдүн” ишин иликтөө тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссияга 10 депутат кирип, мен төрага болгом. Комиссия 29-июнь күнү отчётту угузганына карабастан, жакында өз отчётторун берчү өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Мен комиссиянын төрагасы катары сизден өкмөттүн “Кумтөр” боюнча отчётун угуу жыйынына катышуумду камсыз кылып берүүңүздү суранам. “Кумтөр” мамлекет үчүн маанилүү болгондуктан, менин да айта турган сөзүм бар. Анын үстүнө бул ирет туура саясий чечим чыгарышыбыз керек”,- деп жазылат катта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан