"2012-жылга карата республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында “КРнын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда кабыл алынды. Алгач суроо-жооп учурунда депутаттар 2012-жыл үчүн каралган бюджет кайсы тармакта, эмне үчүн аткарылбай калгандыгын, эмне үчүн туура эмес пайдаланылгандыгын тактоого алышты. Талкууда депутат Курмантай Абдиев "ар жылы республикалык мыйзамдын аткарылбай калгандыгын Эсеп палатасы талдоого алып, аны болтурбоо боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү талап кылуу зарыл" деген пикирин ортого салды. Кыргызстанды өнүктүрүүнү аймактардан, андагы кен байлыктарын иштетүүдөн баштоону белгилеген депутат Назарали Арипов Лейлек районундагы мунайзатты, Сүлүктүдөгү көмүр кенин мисал келтирди. Депутат Курманбек Дыйканбаев "тармактарды натыйжалуу башкаруу максатында мамлекеттик кызматкерлердин билиминин сапатын жогорулатуу максатында Башкаруу академиясына кошумча каражат бөлүү максатка ылайык" деди. Добуш берүүдө аталган мыйзамдын долбоору 1-окууда кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан