Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды

Кечээ кечинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевге карата козголгон кылмыш ишин карады. Сот материалдар менен таанышып чыккан соң айыпталуучуну камакка албоо чечимин чыгарып, үй камагына чыгарды. Н.Мотуевдин жактоочусу Абаз Мамбетакунов: "Мен жактоого алган адам өзүн күнөөлүү деп санабайт деп айта алам. Ал бул ишке бийликтин тиешеси бар деп эсептейт",- деп билдирди. Эске салсак, оппозиция лидерлеринин бири Нурлан Мотуев зордуктоо фактысы менен шектелип, 5-декабрь күнү камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан