Бүгүн Бишкектин бир катар жаңы конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт

"Түндүк электр" ишканасы билдиргендей, бүгүн Бишкектеги бар катар жаңы конуштарда жарык берүү токтотулат. Белгилей кетсек, саат 10:00дөн 14:00гө чейин Эне-Сай, Дордой, Дордой-2 жаңы конуштарында, саат 12:00дөн 17:00гө чейин Курманжан датка жана Керамикалык көчөлөрүндө, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Түштүк магистраль, Бах көчөсүндө жана Төмөнкү Орок, Чоң-Арык айылдарында электр жарыгы берилбейт. Ошондой эле шаардын Островский, Ахунбаев, Айни, Леваневский көчөлөрүндө жарык берүү чектелет, бул өчүрүү "Айни" жана ГЭС-3 көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан