КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында 11 айдагы жасаган иштери тууралуу парламентте отчёт бере турганын билдирди. "Акыйкатчы болуп иштеген жылдары 4 жолу парламентте отчёт бердим, жакында 5-син берем. Кызматтык мөөнөтүм аяктаар алдында аткарылган иштер менен тааныштырам",- деди Акун. Ал ошондой эле Акыйкатчы болуп иштеген жылдары көптөгөн татаал жагдайларга туш болуп, айрым тараптар менен сотко чейин барганын да кошумчалады.