Президенттин жубайы Раиса Атамбаева Татарлардын бүткүл дүйнөлүк Конгрессине чакырылды

Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Татарлардын бүткүл дүйнөлүк Конгрессине ардактуу конок катары катышууга чакырылды. Ардактуу коноктордун тизмесинде теннисчи Марат Сафин, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алина Кабаева, Орусиянын Эл артисти Чулпан Хаматова, ырчы Алсу Сафина жана башкалар бар. “Татарлардын бүткүл дүйнөлүк Конгресси - татар элинин өнүгүшүндөгү чоң окуя. Конгресс татар элин бириктирүүчү мааниге ээ жана келечектеги өнүгүү багытын аныктайт. Делегаттар жана коноктор үчүн маданий программалар каралган. Татарстандын аймактарына, театр жана музейлерине экскурсиялар уюштурулат”,- деп айтышат уюштуруучулар. Кошумчалай кетсек, аталган иш-чара 6-9-декабрь күндөрү Казань шаарында өтөт. Ага 800 делегат, 300 конок жана 120 журналист катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан