Өкмөттүн 29-ноябрдагы токтомуна ылайык, "КРнын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жактырылды. Буга ылайык, "өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү", "ыйгарым укуктуу өкүл", "өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү" деген сөздөр "өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү - губернатор" деген сөзгө алмашмакчы. Эске салсак, губернатор деген аталышты жоюу иши административдик-аймактык реформа катары мурунку өкмөттүн тушунда ишке ашкан. Учурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жаңы кызматка дайындалып жатканда губернатор деген аталышты калыбына келтирүү керектигин белгилеген болчу.