Свердлов райондук милиция кызматкерлери кечээ Дордой-1 конушунан жүрөк тарапка бычак сайылып өлтүрүлгөн адамдын жансыз денесин табышкан. Учурда укук коргоо органдары өлүмдүн себебин аныкташ үчүн сөөктү соттук-биологиялык экспертизага жөнөтүштү. Ал эми тергөө иштеринде аталган кылмыш ишине шектүү деп 1969-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну кармалып, Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.