11-12-декабрь күндөрү Бишкекте Кыргызстандын жаштарынын Конгресси өтөт. Мындай маалыматты КРнын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын негизги максаты – улуттук кызыкчылык үчүн мамлекеттик органдар менен жаштар уюмдарынын күчүн пайдаланууга шарт түзүүчү кызматташуу системин иштеп чыгуу. Конгресске Кыргызстандын бардык аймактарынан жаштардын келүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле ага министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү да катышат.