ӨКМ: "Кыргызстанда эгемендик жылдарында катталган сел жана суу ташкындарынын саны 1361ге жетти"
Кыргызстанда 1990-жылдан бери жалпы сел, суу ташкындарына байланыштуу 1361 окуя катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиришти. Ал эми 2011-жылы сел, суу ташкынына байланыштуу 61, 2012-жылы 217 кырсык катталган. Ошондой эле аталган министрликтин маалыматы боюнча, 2012-жылы 11 жер титирөө болгон.