Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кино жумалыгы уюштурулат
Кинематография департаменти билдиргендей, 10-17-декабрь аралыгында Кыргызстанда кино жумалыгы өтөт. Бул иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулууда. Белгилүү болгондой, аталган жумалыктын алкагында өлкө аймактарында жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кинотасмалар көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.