Баткен. Сүлүктүдө көмүр өндүрүү үчүн 20га жакын ишкана лицензия алууну күтүп жатат

Бүгүнкү күңдө Сүлүктү шаарында көмүр өндүрүүчү 16 ишкана иштеп жаткан учуру. Алардын ичинде өзгөчөлөнгөн "НУР", "Ак-Булак көмүр", "Сүлүктү көмүр" жана башка көмүр өндүрүүчү ишканалар калктын калың катмарын кара алтын менен камсыз кылууда айырмаланып, кардарларды кызуу тейлөөдө.

Сүлүктүнүн сапаттуу көмүрүнө жергиликтүү эл гана эмес, коңшу Тажик Республикасы жана Ооганстандан да кардарлар көбөйүүдө. Шаар мэри Ш.Бакибековдун айтымында, бүгүнкү күндө 20га чукул көмүр өндүрүүчү ишкана даярдалып, лицензия алууну күтүп турушат. Жогорудагы аталган ишканаларга тиешелүү мекемелер тарабынан лицензия берилсе, албетте, атаандаштык күчөп, көмүр баасынын арзандашына шарт түзүлөрү анык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан