Жалал-Абад. Акындар айтышынын жеңүүчүсү аныкталды

КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 85 жылдыгына, белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын 50 жылдыгына жана Жалал-Абад шаарынын 135 жылдыгына арналып өткөрүлгөн акындар айтышы Барпы Алыкулов атындагы драма театрында болуп өттү. Жеңишке 20 акын ат салышты. Калыстар тобунунун арасында белгилүү төкмө акын Жолболду Алыбаев, маркум Майра Керим кызынын жолдошу Канат Байышевдер отурушту. Ошондой эле айтышка конок болуп Майра Керим кызынын 17 жаштагы уулу Акжолтой Канат уулу менен сиңдиси Бейнегүл Керим кызы, шакирти Жыпара Кожукеева жана башка айтыш чеберлери катышты. Айтыштын жыйынтыгында жеңүүчлөр аныкталып, баш байге ээси делип Абдыкайым Ашымбаев табылды. Шаар мэри Бакыт Адылов өз сөзүндө мындай айтышты ар жылы өткөрүп турууга ниет кылганын айтып, жеңүүчүгө 70 миң сом тапшырды. Андан тышкары 1-орундун ээси Абдибали Акимбеков 50 миң сом, Шамырбек Тургунбаев 40 миң сом, Сапарбек Зулпуев 30 миң сом, акындардын ичиндеги жападан жалгыз аял акын Жыпара Арзымаматова 20 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан тышкары катышуучулар менен конокторго да акчалай сыйлыктар тапшырылды. Эскерте кетсек, айтыш 5-6-декабрь күндөрү өтүп, ага шаардык мэрия тарабынан 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнгөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан