Депутат Асия Сасыкбаева балдардын көмүр шахталарында иштеши кооптуу экенин белгиледи

"Ата Мекен" фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Асия Сасыкбаева Кыргызстанда балдардын көмүр шахталарында, кен чыкчу жайларда иштеп жатканы кооптуу экенин айтты. "Жумуш берүүчүлөр тарабынан балдар коркунучтуу жайларда иштеп жатышат, мисалы, ачык шахталарда, кен ишканаларында. Бул өтө оор жана зыяндуу, балдардын өлүмүнө алып келүүчү жумуш",- деди депутат. Асия айым жакында эле Аксы районундагы көмүр шахтасында каза болгон өспүрүмдү мисал келтирди. Буга КРнын Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысы Таалай Асылбеков балдардын кооптуу жерлерде иштеп жатканын көзөмөлдөө кыйын экенин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан